ЖаңылыктарКомментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын ТОКТОМУ №6 отключены
Ак-Жол айыл аймактык
кеңешинин II чакырылышынын кезексиз
VI сессиясынын
ТОКТОМУ №6
2025-жылдын
11-июлу Жаңы-Жол
айылы
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн
2025-жылга социалдык объектилерди жылытуучу көмүрдүн көлөмүн азайтуу жөнүндө
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Социалдык жана Экономика
бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Курманалиев Азамат
Жакыпбековичтин Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош,
Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 08.04.2025-жылдагы
№02-2/5б буйругунун негизинде өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен, Ак-Жол
айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык объектилерди жылытууга керектелүүчү
көмүрдүн көлөмүн азайтуу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып
Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин
II чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
Т О К Т О М
К Ы Л А Т:
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын
Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн
08.04.2025-жылдагы №02-2/5б буйругунун негизинде өткөрүлгөн текшерүүнүн
жыйынтыгы менен социалдык объектилерди жылытууга керектелүүчү көмүрдүн көлөмү
83,7 тонна, 530,7 миң сом ашыкча калдык калгандыктан, 2025-жылдын бюджетинен
керектелүүчү көмүрдүн көлөмүнөн 83,7 тонна көмүр же 530,7 миң сом акча каражаты
кыскартылсын.
Бул токтомдун аткарылышын Ак-Жол айыл
аймагынын айыл өкмөт башчысы Тасмабек уулу Болотбекке милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы
Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча
туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
ЖаңылыктарКомментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын ТОКТОМУ №5 отключены
Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин II чакырылышынын
кезексиз
VI сессиясынын
ТОКТОМУ №5
2025-жылдын
11-июлу Жаңы-Жол
айылы
2025-жылга атайын каражатка кошумча план алуу жөнүндө
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Социалдык жана Экономика бөлүмүнүн башчысынын
убактылуу милдетин аткаруучу Курманалиев Азамат Жакыпбековичтин жана Ак-Жол
айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу
комиссиясынын төрагасы Сейитбеков Табышалынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин II чакырылышынын
кезексиз VI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
Ак-Жол
айыл аймагындагы “Тамчы” бала-бакчасына ЖК төрагасы Тургунбек уулу
Нурланбектин сом резервдик фонду
тарабынан бөлүнгөн 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражатына кошумча план алууга атайын каражатка
суралсын.
Жогорудагы
аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык
кеңештин алдындагы бюджет, соода жана
байланыш иштери боюнча туруктуу комитетине билдирүү берип туруу жагы Ак-Жол
айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Тасмабек уулу Болотбекке милдеттендирилсин.
Бул
токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет,
соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы
Т.Сейитбековго жүктөлсүн.
Бул
токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңештин
жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.
ЖаңылыктарКомментарии к записи Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын ТОКТОМУ №4 отключены
Ак-Жол айыл аймактык
кеңешинин II чакырылышынын кезексиз
VI сессиясынын
ТОКТОМУ №4
2025-жылдын
11-июлу Жаңы-Жол
айылы
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн
2025-жылга социалдык объектилерди жылытуучу көмүрдүн көлөмүн азайтуу жөнүндө
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Социалдык жана Экономика
бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Курманалиев Азамат
Жакыпбековичтин Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош,
Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 08.04.2025-жылдагы
№02-2/5б буйругунун негизинде өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен, Ак-Жол
айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык объектилерди жылытууга керектелүүчү
көмүрдүн көлөмүн азайтуу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып
Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин
II чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
Т О К Т О М
К Ы Л А Т:
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын
Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн
08.04.2025-жылдагы №02-2/5б буйругунун негизинде өткөрүлгөн текшерүүнүн
жыйынтыгы менен социалдык объектилерди жылытууга керектелүүчү көмүрдүн көлөмү
83,7 тонна, 530,7 миң сом ашыкча калдык калгандыктан, 2025-жылдын бюджетинен
керектелүүчү көмүрдүн көлөмүнөн 83,7 тонна көмүр же 530,7 миң сом акча каражаты
кыскартылсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы
Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча
туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
ЖаңылыктарКомментарии к записи Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын ТОКТОМУ №3 отключены
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын
кезексиз
VI сессиясынын
ТОКТОМУ №3
2025-жылдын
11-июлу Жаңы-Жол
айылы
2025-жылга акча каражаттарын жылдыруу жөнүндө
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Социалдык жана Экономика бөлүмүнүн башчысынын
убактылуу милдетин аткаруучу Курманалиев Азамат Жакыпбековичтин жана Ак-Жол
айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу
комиссиясынын төрагасы Сейитбеков Табышалынын билдирүүсүн, келип түшкөн
сунуштарды эске алуу менен, акча каражаттарын максаттуу угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин II чакырылышынын
кезексиз VI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
—
70629 бөлүмүнүн 3112 беренесинен 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаты, ушул
бөлүмдүн айыл ичиндеги жолдорду шалалдоого ГСМ сатып алуу үчүн 2214 беренесине;
— 70629
бөлүмүнүн 3112 беренесинен 700,0 (жети жүз миң) сом акча каражаты, ушул
бөлүмдүн проект, иш кагаздарды жасатуу үчүн 2215 беренесине;
— 70629
бөлүмүнүн 3112 беренесинен 1200,0 (бир миллион эки жүз миң) сом акча каражатын
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялык министрлигинин
2025-жылдын 01-апрелиндеги №09-11/3034 катына ылайык, көпүрө куруу үчүн “Т”
түрүндөгү балкаларды Ноокат районунан ташып келүү үчүн ушул бөлүмдүн 2215 беренесине;
— 70629
бөлүмүнүн 3112 беренесинен 350,0 (үч жүз элүү миң) сом акча каражаты, майрамдык
иш чараларды өткөрүү үчүн тамак-аш сатып алууга 2218 беренесине;
— 70629
бөлүмүнүн 3112 беренесинен 364,1 (үч жүз алтымыш төрт миң бир жүз) сом акча
каражаты, ушул бөлүмдүн учурдагы чарбалык буюмдарды сатып алууга 2222
беренесине;
-70629
бөлүмүнүн 3112 беренесинен 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаты, 70823
бөлүмдүн маданият үйдүн ачылышына ар түрдүү кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга
2215 беренесине;
— 70629
бөлүмүнүн 3112 беренесинен 250,0 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты, 70823
бөлүмдүн 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн өткөрүү үчүн 2218
беренесине;
— 70629
бөлүмүнүн 3112 беренесинен 120,0 (бир жүз жыйырма миң) сом акча каражаты, 70823
бөлүмдүн маданият үйдүн ачылышына учурдагы чарбалык буюмдарды сатып алууга 2222
беренесине;
— 70629
бөлүмүнүн 3112 беренесинен 240,0 (эки жүз кырк миң) сом акча каражаты, 70823
бөлүмдүн маданият үйдүн ачылышына учурдагы чарбалык буюмдарды сатып алууга 2223
беренесине;
— 70629
бөлүмүнүн 3112 беренесинен 240,0 (эки жүз кырк миң) сом акча каражаты, 70823
бөлүмдүн маданият үйүнө керектелүүчү музыкалык аспаптарды сатып алууга 3112
беренесине;
-70629
бөлүмүнүн 3112 беренесинен 13,0 (он үч миң) сом акча каражаты, 70111 бөлүмдүн
ачылыш иштерине тамак-аш сатып алууга 2218 беренесине;
-70629
бөлүмүнүн 3112 беренесинен 30,0 (отуз миң) сом акча каражаты, 70921 бөлүмдүн
Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү ЖТР жыйынтыгы менен жогорку балл алган
окуучуларды сыйлоого 2215 беренесине;
— 70629
бөлүмүнүн 3112 беренесинен 1994,4 (бир миллион тогуз жүз токсон төрт миң төрт
жүз) сом акча каражаты, 70921 бөлүмдүн Жолборсту айылындагы спорт залга кошумча
корпус жасатууга 3111 беренесине
Жалпы 70629
бөлүмүнүн 3112 беренесинен 5901,5 (беш миллион тогуз жүз бир миң беш жүз) сом
акча каражаты кыскартылып, көрсөтүлгөн беренелерге жылдырылсын.
Жогорудагы
аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык
кеңештин алдындагы бюджет, соода жана
байланыш иштери боюнча туруктуу комитетине билдирүү берип туруу жагы Ак-Жол
айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Тасмабек уулу Болотбекке милдеттендирилсин.
Бул
токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет,
соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы
Т.Сейитбековго жүктөлсүн.
Бул
токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик
укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңештин
жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.
ЖаңылыктарКомментарии к записи Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын Токтому №2 отключены
Ак-Жол айыл аймагынын
айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз
VI сессиясынын
Токтому
№2
2025-жылдын 11-июлу
Жаңы-Жол айылы
Ак-Жол айыл аймагынын борборундагы жаңыдан
курулуп бүткөн маданият үйүнө ат коюу жөнүндө
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II -чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын күн тартибиндеги экинчи маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагынын борборундагы жаңыдан
курулуп бүткөн маданият үйүнө ат коюу жөнүндөБилим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча
депутаттык комиссиянын мүчөсү Назаралиева
Эркинайдын билдирүүсүн угуп жана
талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
II чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ак-Жол айыл аймагынын Жаңы-Жол айылындагы Маданият
үйүнө айыл аймагындагы тарыхый аталышы бар “Малкалды” айылынын атын коюуга
макулдук берилсин.
2.Бул токтом мыйзамда каралган
тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын
3.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Жол айыл
аймагынын айылдык кеңешинин билим берүү, социалдык маданий жана
саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Г.Т.
Бостонова) жүктөлсүн.
5.Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын
ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык
кеңештин жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин
[an error occurred while processing the directive]

Recent Comments